Ошто жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүнө жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мериясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Абсаттаров билдирди.

Курулуштуна ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

“Бул көпүрө жараксыз абалга келип, ӨКМ корутунду чыгарган эле. Көпүрөнүн узундугу 9 метр болуп, туурасы 20 метрди түзөт. Курулуштун эки тарабынан адамдар өтүүчү жол да салынды.”- деди ал.

Буга чейин кооптуу абалдагы көпүрөнүн ордуна жаңысын куруу ташпырмасын калаа башчысы коюп, каржылоо  жергиликтүү бюджеттен болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген