Ошто жүргүнчү ташыган айдоочулар бирдиктүү формага өттү

Ош шаарындагы кичи автобус айдоочулары бирдиктүү формага өтүштү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык,  калаадагы 5 каттамдык айдоочулары бирдиктүү формага өттү.

“Бул чечим калаа башчысынын тапшырмасынын негизинде аткарылууда. Максат шаар тургундарын сапаттуу тейлөө болуп саналат”,-деп айтылат маалыматта.

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинен билдиришкендей жакынкы күндөрү калаадагы бардык маршруттук каттамдар бирдиктүү формага өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген