Ошто өзбекстандык студенттер массалык түрдө мекенине кетүүгө даярданып жатышат. Видео

Ош шаарында билим алып жаткан өзбекстандык студенттер массалык түрдө мекенине кетүүгө камынып жатышат. Азыркы учурда алар керектүү документтерин даярдашууда.

Студенттер мекенине кайтуусунун себебин аларга келген Өзбекстандын билим берүү министрлигинин каты менен түшүндүрүшүүдө. Анда мекенге кайтуу жөнүндө буйрук жазылган. Алар Өзбекстанга барганда эч кандай сынаксыз эле жогорку окуу жайларына кире алышары маалымдалды.

Быйыл Ош шаарындагы университеттерге коңшу өлкөдөн 10 миңге жакын студенттер кабыл алынган. Студенттер Кыргызстанда жокорку окуу жайга өтүү үчүн босого балл бир топ төмөн экендигин айтышат.

Азыркы учурда студенттер өздөрү окуган факультеттерден жарым жыл билим алгандыгы тууралуу аныктама алууга ашыгып жатышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген