Ошто Өзбекстан курган мектеп пайдаланууга берилди. Сүрөтбаян

Бүгүн, 1-сентябрда Ош шаарында Өзбекстандын каржылоосу менен гранттык негизде курулган А.Навои атындагы №18 мектеп-гимназиясынын ачылыш аземи болду.

Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Өзбекстандын Олий Мажлис Сенатынын төрагасы Нигматулла Юлдашев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош облусунун жана Андижан облусунун жетекчилери, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, ата-энелер, окуучулар жана шаар тургундары катышты.

ЖК төрагасы шаардыктарды жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, эки элдин достугу, соода-экономикалык, маданий гуманитардык мамилеси тууралуу сөз сүйлөдү.

“Мектептин курулушу өткөн жылдын октябрь айында башталып,жумушту Ташкент шаарындагы  “Трест-12” курулуш компаниясы ишке ашырды. Жалпы аянты 1,15 гектарды түзүп, окуу корпусу, ашкана, жыйындар залы,спорт залы, кичи футбол жана баскетбол аянтчалары камтылган. Ошондой эле заманбап жабдыктар жана эмеректер менен менен камсыздалган”, – дешти мэриянын басма сөз кызматынан.

Алишер Навои атындагы мектеп-гимназиясында 1936-жылы биринчи окуу имараты, андан соң 1977-жылы экинчи окуу имараты курулуп, пайдаланылып келген. Алгач курулган мектеп 2008-жылдан бери авариялык абалда болуп, быйыл коншу мамлекет тарабынан жаныланып олтурат.

Жаңы окуу жылына карата гимназияга 51 мугалим, 1150 окуучуну сынак аркылуу кабыл алынды.

Быйыл өлкө боюнча 27 мектеп жана 4 бардар бакчасы бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Cүрөт: Мусулманкул Шакиров

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген