Ошто өзбек кинолорунун күндөрү өтөт

6-8-июнда Ош жана Жалал-Абад шаарларында өзбек киносунун күндөрү өтөт. Иш-чаранын алкагында кино сүйүүчүлөрдүн назарына Рашид Маликов, Умид Хамдамов жана Сарвар Каримовдун үч тасмасы тартууланат.

Анын арасында Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасынын негизинде тартылган фильм дагы бар. Ушул эле көркөм тасмалар Жалал-Абад шаарында 7-июнда көрсөтүлөөрү маалымат каражаттарында жарыяланды.

Былтыры да Бишкектеги “Манас” кинотеатры менен Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Өзбекстандын кино күндөрү өткөн. Анда “Өзбеккино” киностудиясы тарабынан тартылган “Ришта”, “Ата үйү”, “Калптын желесинде” аттуу толук метраждуу көркөм тасмалар көрсөтүлгөн.

Эки өлкөнүн мамилеси акыркы 15 жылга жакын аралыкта алакасы кескин солгундап кеткен болчу. Өзбекстандын жетекчиси алмашкандан кийин, кошуналары менен кызматташууну жакшырта баштады. Анын ичинен Кыргызстан менен да жакындан байланышты кайра жанданды. Маркум президенти Ислам Каримовдун убагына бир эле Кыргызстан менен эмес, кошуна башка мамлекеттер менен да алакасы дээрлик аз болчу.

Дүйнө кезген “Делбирим”

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.