Ошто заманбап спорттук комплекс курулуп жатат

Ошто бардык заман талаптарына жооп бере турган спорттук комплекстин курулуш иштери башталды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ошшаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, компелекс  Иран мамлекети тарабынан каржыланат. Курулуш иштери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таанышты.

Спорттук комплекс Мана-Ата кичи шаарчасына курулуп, жалпы сметалык баасы  927,8 миң долларды түзөт.

Ушул тапта, курулушту баштоо үчүн даярдын иштери кызуу жүрүп, кийинки жылы спорттук жай пайдаланууга берилүүсү пландалып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген