Ошто аялын унаа менен сүйрөгөн жаран кармалды

Ош облусунун жашоочусу аялын “Тико” үлгүсүндөгү унаасы менен сүйрөп, натыйжада жабырлануучу оор абалда Ош шаардык ооруканасына келип түшкөн. Бул тууралуу Ош ШИИБнен билдиришти.

Шаардык милициядан билдиришкендей, окуя 16-февраль күнү кечинде болгон.

“Кечинде мончодон кайтып келе жаткан 45 жаштагы келинчегин кылмышка шектүү жолдон тосуп чыккан. Аялынын мончодон кеч келгенин айтып ачууланып, натыйжада өзүнүн“Тико” үлгүсүндөгү унаасы менен жабырлануучуну сүзүп өтүп, кайра кайрылып келген да, колунан кармап алып сүйрөгөн”,- деди Ош ШИИБнин маалымат кызматкери.

Жабырлануучу унаага сүйрөлүп бир канча метрге чуркап барып жыгылып түшкөн. Анда да токтобогон шектүү аялын дагы бир канча аралыкка сүйрөп барган да, жардам бербей таштап кетип калган.

“Жабырлануучуга мончого чогуу барган шериктери келип тез жардам чакырышкан”,- деп кошумчалады ИИБ.

Кылмышка шектүү тартип сакчылары тарабынан колго түшүрүлүп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген