Ошто Youtube`дан акча тапканга аракет кылгандар көбөйдү

Ошто Youtube видеопорталы аркылуу акча табууга белсенгендер көбөйдү. Алардын басымдуусу жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү. Ютиберлердин алды кирешесин санай баштаган менен айрым интернет колдонуучулар кыргыз каналдарындагы видеолор сапатсыз экенине нааразы.

Болот Эрмамат уулу 2 жыл мурун “Супер тамашалар” каналын ачкан. Аракетинин натыйжасында алгачкы эле 3 айда жакшы киреше тапканга жетишти. Учурда анын каналына катталгандардын саны 100 миңге жетип калды. Видеолорун болсо миллион жолундан көрүшөт.

Болотбек Эрмамат уулу. Сүрөт анын “Фейсбуктагы” баракчасынан алынды

 

“Көпчүлүгү бул тармакты оңой акча табуунун жолу катары көрүшөт. Негизи ар бир кесиптин артынан изилденсең, иштесең, сөзсүз түрдө көп акча болот”, –  дейт ютубер Болот Эрмамат уулу. 

Чынында башкалардан өзгөчөлөнгөн, сапаттуу каналдарды манжа менен эле эсептесе болот. Интернеттен акча табуу эпкини вирустай тарап, бирок сапат эмес, саны эле өсүп жатат. Мындай пикирди активдүү интернет колдонуучусу, журналист Азамат Абсаттаров билдирди.

“Жасалмалуулук көбүрөөк болуп жатат. Себеби, темасына “ШОК” деп жазат, аны миллиондогон интернет колдонуучулар көрүшөт. Тилекке каршы, темага анын ичиндеги видеонун мазмуну дал келбейт”, – деп ой бөлүштү  Абсаттаров. 

Интернет колдонуучулардын сын-пикиринде жан бар экенин ютуберлердин бири Адыл Акжол уулу айтат. Өзүнүн каналындагы контент сапаты дурус деген ютубер оңой акча табууну көздөгөндөрдүн келечеги алыска барбайт деп эсептейт.

Адыл Акжол уулу. Сүрөт анын “Фейсбуктагы” баракчасынан алынды

 

“Мен ар бир материалды сапаттуу, мазмундуу, пайдалуу жасаганга аракет кылам. Маалыматтар көбүнчө чет жерде жүргөн мигранттарга багытталган. Алардын 80%ы  25-35 жаштагы интернет колдонуучулар. Мен көрөрмандардын табитине жараша материалдарды киргизгенге аракет жасайм. Чындыгында бүгүнкү күндө Кыргызстанда Youtube каналын ачкандар көп. Бирок, аны иштетүү татаал, жоопкерчиликтүү. Муну да кадимкидей жумуштай кабыл алып, көңүл буруу керек. Анан да бирөөнүн материалын уурдап киргизгенден качуу керек”, – дейт Адыл Акжол уулу.


Youtube`да популярдуулукка жетишкен каналдар баскычтар менен сыйланат. Баскычтар Youtube каналына жазылгандардын санынын көптүгүнө карата берилет. Учурда анын 3 түрү бар: күмүш, алтын жана бриллиант баскычтар.

* Күмүш баскыч— YouTube каналында жазылгандардын саны 100 миңден ашканда берилет. Аны менен бирге авторго 500$ жана DSLR камерасы белек болот.

* Алтын баскыч — 1 000 000 жазылуучусу бар авторго берилет. Ал алтын жалатылган латундан жасалган. Бүгүнкү күндө бул сыйлыкты дүйнөдө 72 каналдын түзүүчүлөрү алганга жетишкен.

* Бриллиант баскыч—10 000 000 жазылуучу үчүн берилет. Бүгүнкү күндө бул эң жогорку  деңгээлдеги сыйлык. Учурда аны 35 автор алууга жетишкен.

Кошумча төртүнчү баскыч да бар. Ал рубин баскычы деп аталат. Бирок бул сыйлык жалгыз 50 000 000 жазылуучу топтогон авторго берилген. Анын ким экендиги да айтылган эмес. Бул дагы башка авторго берилиши же берилбеши азырынча белгисиз.


Ал эми Кыргызстанда алгачкы жолу алтын баскычын Youtube’да англис тилдүү аудитория менен иштеп, ийгиликке жеткен Курман Жолдошев алды. Ал өзүнүн каналын 7 жыл мурун ачкан. Учурда 2 миллион жазылуучусу бар.

Андан сыркары жакында эле Чубак Ажы Жалиловдун сабактарын жайылткан “Насаат медиа” каналы жана “Азаттык” үналгысынын YouTube каналы күмүш баскычын алган. Кыргызстанда бүгүнкү күндө Youtube хостингинин күмүш баскычын алгандардын саны аз эмес.

Youtube’га алгачкы видеону жүктөгөндө түзүүчүлө анын киреше алып келүүчү тармак болооруна билишкен эмес. Биринчи видео – 2005-жылдын 23-апрелинде Сан-Диего зоопаркында тартылган 19 секкунддук видео болгон. Видео YouTube каналын негиздөөчүлөрдүн бири Джаведа Карима тарабынан жүктөлгөн.

Материалды “Сорос-Кыргызстан” фондунун тажрыйба алмашуу долбоорунун алкагында стажер (Баткен ТВнын журналисти) Миңгүл Кочорова даярдады. 

Оператор-монтажер: Кабыл Көчкөнбай уулу

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.