Ошто ВИЧ-позитивдүү кыз-жигит жакында баш кошот

Ош облусунда ВИЧ-позитивдүү жигит өзүндөй оору менен жабыркаган кызга баш кошот. Сөйкө салуу салты өтүп, той күнү белгиленди. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ноокаттагы ВИЧ-позитивдүү эне-балдардын лидери Шахноза (аты өзгөртүлдү) билдирди.

Анын айтымында күйөө бала – карасуулук кыргыз улутундагы жигит, ал эми кыз – ноокаттык, өзбек тектүү. 18 жаштан өтүп калган бул экөөнүн тең ВИЧти кайдан жуктуруп алганы белгисиз бойдон.

“Бала сокур ичегисин алдырган экен, ал инфекцияны операция маалында жуктуруп алганмын деп божомолдойт. Ал эми кыздын бир тууган сиңдиси 2007-жылдары ВИЧти ооруканадан массалык жуктургандардын арасында болгон. Башында диагнозу таза чыгып жаткан кызга оору кандай жукканы белгисиз. Кара-Сууга кудаа түшүп барганда, дартыбыз бир жандар сүйлөй албай, ыйлап эле отурдук. Эми тойго кам көрүп жатабыз”, – дейт Шахноза.

Ал 2007-2011-жылдары Ош облусунун медициналык жайларынан балдары ВИЧ жугузуп алган ата-энелер да  бири-бири менен кудалашып алганын айтып күлдү.

“Оорулуу балама кантип мен бирөөнүн соо кызын алып берем!? Мен көргөн күндү башкаларга каалабайм.  Ошол үчүн уулу барлар кызы барлар менен кудалашып алганбыз. Балдарыбыз деле көнүп калышкан”, – деп кошумчалады Шахноза.

2007-2008-жылдары Оштогу ооруканалардан массалык ВИЧ жуктуруу орун алган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебинде 2011-жылы бул вирус менен Кыргызстанда 250 бала жана 288 кош бойлуу аял катталды. Он жыл аралыгында (2017-жылдын сентябрь айына карата) ВИЧке кабылган жашы жете электердин саны 717ге жетти. Алардын 72си көз жумган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген