Ошто ветеринардык-фитосанитардык лабораториянын курулушу башталды

Бүгүн, 12-мартта Ош шаарында заманбап ветеринардык-фитосанитардык лабораториянын курулушу башталды. Капсуласын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү жана Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов баштаган жетекчилер салышты.

Лабороторияны курууга Россия Федерациясынан 240 миң доллар бөлүнгөн. Бул каражатка азыктарды кылдат анализ жүргүзүүгө баардык шарт түзүлөт. Натыйжада азыктардын сапаттуулугун далилдеген бирдиктүү сертификаттар берилет. Муну менен айыл-чарба продукцияларынын экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүк артат.

Лабораториянын курулушун сентябрь айында бүткөрүү пландалган. Азыркысы 1962-жылы курулуп, эскилиги жеткен болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген