Ошто унаасынын айнегин караңгылаткандар көбөйдү. Видео

Учурда унаасынын маңдайкы жана алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатып алган айдоочулар көбөйүп баратканы коомчулуктун талкуусуна кабылды.  Мыйзам бузган унааларды текшерүү мурда ЖККК кызматкерлерине таандык болуп келген. Ал эми “Бузуулар жөнүндө кодексте” ал Транспорт министрлигинин автомобиль суу транспорту жана салмак тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигине жүктөлүп калган.

“Бузуулар жөнүндө кодексттин” 129- 3-пунктунда “айдоочунун маңдайкы же болбосо алдыңкы эшиктин каптал айнегинде күңүрттөө жабылган же аларда көшөгөлөр пайдаланылган транспорт каражатын айдоосу  2-категориядагы айып пул салууга алып келет”-деп жазылган. Бирок Транспорт министрлигинин адистери бул боюнча иш алып бара электигин ачыктады.

“Транспорт министрлигинин автомобиль суу транспорту жана салмак тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Ош аймактык башкармалыгында 6 инспектор бар. Алар физикалык жактан да жетишпейт”- деп кошумчалады аталган агенттиктин Ош аймактык башкармалыгын башчысы Эмил Умаров.

Ал эми жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери адашып калган деген маалыматка кошулбайт. Анткени транспорт министрлигинин адистери атайын окуулардан өтүп келгенин айтты.

Эскерте кетсек,  Транспорт министрлиги бул кызматты кайра ЖККК кызматкерлерине өткөрүү тууралуу сунуш берип, учурда Жогорку Кеңеште каралып жаткандыгын билдирди.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген