Ошто унаалардын аккумляторун уурдап жүргөн жаран кармалды

Ош шаарында  унаалардын аккумляторлорун уурдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош ШИИБнын басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, шектүү жаран Кара-Суу районунун 22 жаштагы жараны болгон. Уурдаган аккумляторлорун топтоп,  темир саткан жерлерге сатып жүргөн. Аларды ташуу үчүн, күнүнө 1000 сомдон ижарага Mercedes-Benz C-класс үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, айдап жүргөн.

“Бир нече аккумляторлорду уурдап жургөн жаранды Ош ШИИБнын криминалдык милиция кызматкерлери кармашты.  Бул иштерди өзү жалгыз эле жасап жүргөнү белгилүү болду. Учурда бул иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренин белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды”, – деди Ош ШИИБнын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов.

Белгилей кетсек, шектүү буга чейин соттолгон. Ал 48 саатка Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген