Ошто унаа уурдаган топ кармалды

Ош облусунда унаа уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-январь күнү Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагына караштуу Авиз айылынын А.А аттуу тургунунун үйүнүн короосунда токтоп турган “Хундай Портер” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жарандар уурдап кетишкен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Араван РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, 22-январь күнү шектүү катары мурда соттолгон Кара-Суу районунун К.С аттуу 26 жаштагы жана Ноокат районунун Б.М аттуу 20 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүүлөргө Араван райондук соту тарабынан 1 айлык мөөнөткө бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган.

Ал эми уурдалган унаа Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Дом-Ата айылындагы 55 жаштагы тургундун үйүнөн табылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген