Ошто унаа тетиктерин сатуучу базарда өрт чыкты

7-май күнү  Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан “Кудайберди” унаа тетиктерин сатуучу базарында контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.

Тилсиз жоо катталган аймакты өчүрүүгө саат 12:00дө өрт өчүрүүчүлөр барган. Өрт саат 12:48де чектөөгө алынып, саат 13:16да толук өчүрүлгөн.

Анын кесепетинен жабыркагандар жок. Ал эми тилсиз жоонун келип  чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген