Ошто ун алуу үчүн кезекке тургандардын саны арбыды

Оштогу “Тулпар” ун комбинатында ун алуу үчүн кезекке тургандардын аягы көрүнбөйт. Аларга бир мүшөктөн гана ун берилип жатат.

Кезекке турган жарандар биринчи атайын кезекке туруп унга акча төлөп, анан гана кампадан алып кетишүүдө.

Аталган жайда ундун баасы 1350 сомду түзүп, 5 күндүн ичинде 350 тоннага жакын ун сатылган.

Учурда Ош шаарына 140 тонна ун, 350 тонна буудай келди. Тегирменде күнүнө 70 тоннага чейин ун тартылат.

Ош шаарына 140 тонна ун, 350 тонна буудай келди

Опубликовано Ынтымак Медиа Среда, 18 марта 2020 г.

Ош шаарынын борбордук базары жабылышы мүмкүн

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген