Ошто улгайып калгандар тайцзи, йога менен машыгып жатат

Тайцзинин Ошто жайылышына жыйырма жылдан ашык убакыт болгон. Чыгыш өнөрүнөң сырткары бул жерде йога менен да машыгуу үчүн күн сайын жүздөй адам келет. Бул спорттун түрүн жашоо образына айлантып алгандардар менен маектештик. 

65 жаштагы Пазилат Ирисова  бир жылдан бери тайцзи, йога менен машыгып, дасыгып калды. Кесиби боюнча дарыгер болсо да, дени сак жашоону спорттон таптым деп эсептейт.

“Буларды жасаш мен үчүн оңой эле болду. Спорт менен студент кезимде машыкчумун. Андан кийин катышпадым, акыркы жылдары ден соолугума байланыштуу бул жерге келип калдым. Күн сайын өзүмдү жеңил сезип, көнүгүүлөрдү жаштар менен тең эле жасайм. Мен курактуу аялдарга спорт менен машыккыла эч качан кеч эмес деп айтат элем”, – дейт Ош шаарынын тургуну Пазылат Ирисова.

Спорт жаш куракты чектебейт деген принципти карманган Пазылат Ирисова гана эмес. Ал менен кошо машыккандардын көпчүлүгүн 40 жаштан өтүп калгандар түзөт. Күн сайын эрте менен бир саат убактысын спортко бөлүү алардын калтырбас адаты болуп калган. Мында чогулгандардын көпчүлүгү алгач түрдүү оорулар менен келишкен.  Эч жерде табылбагын  шыпаа, спорт менен машыккан соң  пайда болгон.  Алгач дарттарынан айыгуу үчүн гана келишсе,  азыр эми өзү машыккан спорттун түрү боюнча инструктор болууга чейин жетишишкендери да бар.

Мен эң жогорку кан басым менен келгенмин. Бирок спорт мени бул оорудан арылтты. Эч нерсе жасай албайм го, жашым өтүп калды деп ойлочумун. Көрсө, бир нерсени жасоо кайсы куракта болбосун болот экен. Мен азыр өзүм да башка жерде инструктор болуп иштеп жатам, – дейт дагы бир катышуучу Уриатхан Ражапова. 

Адистердин айтымында, йоганын техникасы организмдин өзүн-өзү дарылоосуна мүмкүндүк берет. Ал эми тайцзи кытай өнөрү беш бөлүктөн турат. Цигун энергияны башкаруу, ден соолукту чыңдоо, медитация, философия жана жоокердик өнөр. Булар адамдарга физикалык пайдадан сырткары рухий жактан да жардам берет.

“Бизге баары келет. Эң биринчи ден-соолукка пайдасы зор. Стресс,  депрессиядан арылтат. Бел, бут, омуртка ооруларын даарылайт. Эң оболу адамда өзүнө болгон ишенимди пайда кылат. Ички сезимдерге ишенүү менен аткарыш керек”,- дейт жыйырма жылдан бери машыктыруучулук менен алектенген Нурасан Бакиров.

Спорттун бул түрлөрү оор физикалык күчтү талап кылбаган үчүн аялдардын кызыгуусу ушул багытка артып жаткан кез. Белгилей кетсек, тайцзи чыгыш өнөрүнүн Ошко тараганына 20 жылдан ашып калган. Аны биринчи жолу Кыргызстанга Макен Исаков жайылткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.