Ошто улан-кыздар арасында бокс боюнча эл аралык турнир башталды

СССРдин спорт чеберлери ага-ини Арзияевдердин жаркын элесине арналган турнир Ош шаарында 22-майдан 26-майга чейин өтүүдө. Ага Кыргызстандан сырткары Өзбекстан, Казактан, Тажикстан, Орусия жана Монголиядан эки жүздөн ашык мушкерлер катышып жатат.

Турнирде кыздар 50 жана 60 кг салмак категорияларында күч сынашса, уландар  57 кгдан жогору 10 салмак категорияларында беттешүүдө.

 

Кечээ-бүгүн ар бир  салмак категориясында жарым финалга чейинки гана мелдештер өткөрүлсө, 25-26-майда финалдык беттештери болот.  Биринчи орунга жеткишкендерге эл аралык даражадагы спорт чеберлери деген наам ыйгарылса, экинчи жана үчүнчү орунга илингендерге ардак баракча, баалуу белектер ыйгарылат.

СССРдин спорт чеберлери ага-ини Арзиевдердин элесине арналган турнир 2009-жылдан бери уюштурулуп келет.

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген