Ошто турмуш шарты оорлорго акысыз кесип үйрөтүлүп жатат

Ош облусунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүндөгү турмуш шарты оор үй-бүлөлөр акысыз окуп жатышат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Жамийла Олжобаева билдирди.

Анын айтымында, бир канча критерийлердин негизинде тандалып алынган 50 аял, тигүүчүлүк, кулинария, төшөк каптоо боюнча билим алышууда.

“Бул окутуу атайын долбоордун негизинде ишке ашырылып жатат. Биз кесип үйрөнүүгө материалдык жактан мүмкүнчүлүгү жокторду тандап алдык. Мындай окутуулар алар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп жатат”,- деди ал.

Ал кошумчалагандай, тандалып алынган аялдар 4 күн окуп, андан соң алган билимин практика жүзүндө ишке ашырышат.  Долбоор бей өкмөт уюм тарабынан каржыланууда.

Мындан сырткары, аларга гуманитардык жардам да көрсөтүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген