Ошто туристтик милиция иштей баштайт

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы туристик кошуунда иштөөнү каалаган жарандар үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн улук тескөөчүсү Данияр Амирбеков билдирди.

Маалыматта бул жылы Ош шаардык кайгуул көзөмөл кызматы курамагында атайын туристтик кошуун иштей баштайт. Алар туристтер менен гана иш алып барат.

“ Тандоо 19-июнга чейин уланат. Тандоого 29 жашка чейинки аскердик билети бар, юридикалык же педогогикалык дипломду ээлери катыша алат. Сынака катышуу үчүн чет тилдерин англис, немец, түрк тилдерин же бирөөсүн билүүсү керек. Жогорудагы кызмат учүн жалпысынан 20 офицердик орун берилет” – деп кошумчалады ал.

Кызматка жогорку билимдүү, ички иштер органдарынын кызмат өтөөсү тууралуу жобонун талаптарына туура келген жана чет тилдерин билген, каалоочулар кабыл алынат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.