Ошто туристтер үчүн маалымат борбору ачылды

Ош шаарында туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарты түзүү максатында  туристтик  борбор ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, борбор облустук өкүлчүлүктүн имаратында жайгашкан. Тандалган жер шаардын так борбору болгондуктан, туристтерге  маршруттук каттамы жагынан да, тамактануучу жайларды бат табууга жана иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлуулугу каралган.

Туристтик дестинаттык борбордо туристтер үчүн англис тилиндеги  маалыматтар, экскурсоводдор кызматы менен туристтик карталар да бар.  Шаардагы түрдүү массалык  маданий иш-чаралар, жергиликтүү фестивалдарга жана кол өнөрчүлөр базарларына баруу үчүн экскурциялар уюштурулат.

Ошондой эле уюштуруучулар туристтер үчүн акысыз Wi-Fi, чай, кофе уюштуруп, Оштун тоолуу аймактарына саякаттоону пландашкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.