Ошто турак үйдөн өрт чыгып, өчүрүүгө 4 бөлүм тартылды

Бүгүн 9-октябрь күнү 05:40 чамасында Ош шаарынын Алымбеков көчөсү №5 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 05:40та  Ош шаардык өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 05:50дө кошумча дагы 3 бөлүм тартылган.

Өрт саат 06:17де чектөөгө алынып,  саат 08:05те толук өчүрүлгөн. Учурда келип чыгуу себеби такталууда.

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген