Ошто тумандан улам авиарейстер кармалууда

Ош шаары жана облусундагы коюу тумандан улам Бишкекке учмак болгон эки рейс кармалып турат.  Бул тууралуу аба майдандан билдиришти. 

Москвадан Ошко келе жаткан учак Бишкекке конууга аргасыз болсо, Үрүмчөдөгү рейс кармалып турат.

“Манас” аэропортунда туман жок, учактар өз убагында учуп-конууда.

Тумандан улам Ош аба майданынын иши өткөн аптада да үзгүлтүккө учураган. Иркутсктан келе жаткан самолет Бишкекке конгон.

Булак: kaktus.media

Сүрөт: Спутник 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген