Ошто цехтен өрт чыгып, үч адам жабыркады

Кечээ, 18-октябрда Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан жеке менчик цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, 16 чарчы метр кара чайыр күйгөн. Өрттүн кесепетинен Өзбекстандын 48 жаштагы Ж.М. аттуу тургуну 12%, 30 жаштагы Р.Н. 8-10%, 45 жаштагы С.А. аттуу тургуну 7% күйүк алып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.