Ошто Токтогул Сатылганов атындагы бакты оңдоо иштери жүрүп жатат. Фото

Ош шаарында Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мериясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, эс алуу багында жаз келиши менен таш таман (брусчатка) 70 % басылып бүтүп, паркка кирүүчү жолдогу тепкичтер толугу менен оңдоодон өтүүдө. Андан сырткары түнкү жарыктандыруу иштери жүргүзүлүп, эс алуу багына видео байкоо да орнотулаары айтылууда.

Жүрүп жаткан иштер менен жеринен калаа башчысы  Таалайбек Сарыбашов таанышып,  курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Эске салсак, аталган эс алуу багы 1919-жылы негизделип, аймагы 9 гектарды түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.