Ошто өткөн жылы уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү камалган

Ош шаарында өткөн жылы ИИМдин атайын тизмесинде турган кылмыштуу топтун 8 мүчөсү камалган. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы ушул жылдын 1-чейректеги планына ылайык 23-25-январь күндөрү “Бандит” аталышындагы алдын алуу иш-чарасын өткөрдү.

Рейддин жүрүшүндө Ош шаарында жашаган ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 16 жаран алынып келинип, профилактикалык иш чаралар жүргүзүлдү. Аларга мыйзамды бузбай, коомдук тартипти сактоосу эскертилди. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө турган, кылмыштуу топтор менен мурда байланышы болгон жана мурда соттолуп чыккан жарандар менен дагы профилактикалык эскертүү жумуштары аткарылды.

Иш чаранын жүрүшүндө мурда жасалган 57 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн кылмышка шектүү 4 жаран кармалды. Дайынсыз жоголгон 2 жарандын жүргөн жери аныкталып, туугандарына маалымат берилди. Терезелери мыйзамсыз караңгылатылан 22 автоунаа токтотулуп, ээлерине айыппул салынды.

Белгилей кетсек, Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде 34 адам турат. Алардын бирөөсүнүн үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. 2019-жылы жалпысынан 16 кылмыштуу топтун мүчөсүнүн үстүнөн 23 ирет кылмыш иши тергелип, 8 жаран жаза өтөө абактарына киргизилген.

Ал эми 9 адам Ош шаарынан чыгып кетишкен. Ош шаарында жашап жаткан 16 жаран милициянын көзөмөлүндө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген