Ошто тигүү фабрикасынын курулуш иштери жүрүп жатат

Ош шаарында 900дөн ашык жумуш орундарын түзө турган чоң тигүү фабрикасын куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков фейсбук баракчасында билдирди.

Ал түштүккө болгон иш сапарында ондон ашык компаниялардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан.

«Ош шаарында 900дөн ашык жумушчу орундарын түзө турган чоң тигүү фабрикасын куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Кошумчалай кетсек, Араван жана Кара-Суу райондорунда жалпы аянты 8 гектар болгон күнөскана чарбасынын ээлери фонддун өкүлдөрү менен тыгыз иштешип, комплексти 2 эсе кеңейтүү үчүн каржылоо алышат. Ош облусундагы компаниялардын бири, дагы насыя алуу үчүн кайрылып жатат, анын долбоору Орусиядан келген абердин-ангус бодо малынын асыл тукумун уюштурууга багытталган », – деди ал.

Анын айтымында, региондордогу долбоорлорду ишке ашыруу динамикасы жакшы. ОКӨФ артыкчылыктуу багыттар боюнча кредиттик линияларды берүү үчүн ишкерлер менен иштөөнү улантат.

Белгилей кетсек, учурда ОКӨФ портфелине түз каржыланган 67 долбоор жана коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар аркылуу каржыланган 2 973 долбоор кирет. Берилген кредиттердин жалпы суммасы 384 миллион долларды түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.