Ошто террордук чабуул алдын алынды

Өзгөндө террордук иш аракеттерди жасоо үчүн даярдалган жардыруучу зат, ок атуучу куралдар жана ок дарылар табылды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2018-жылдын 18-октябрь күнү Ош облустук милициясынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, өлкө аймагына террордук иш аракеттерди жасоо үчүн даярдалган жардыруучу зат, ок атуучу куралдар жана ок дарылар табылган.

Ош шаардык сотунун 2018-жылдын 17-октябрындагы токтомуна ылайык, Өзгөн районунун аймагында атайын катылган жайда тинтүү жүргүзгөн учурунда төмөндөгү курал-жарактар алынган:

  1. 1 даана РГД-5 үлгүсүндөгү кол гранатасы;
  2. 2 даана тротил шашкасы;
  3. 17 даана 7,62 Калашников автоматынын октору;
  4. 1 даана 16-калибриндеги 7,62 огуна ылайыкташтырылып колдо жасалган ок атуучу курал;
  5. 1 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү, оптика жасалгасы менен ок атуучу курал.

Бул табылган жардыруучу зат жана ок атуучу курал жарактардын ээсин тактоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, Өзгөн шаарынын тургундары 1975-ж.т. С.Б жана бир тууган иниси 1979-ж.т. С.Р тарабынан катылгандыгы аныкталган.

Аталган жарандар 2010-жылы Ош окуясында экстремисттик жана сепаратисттик маанайдагы адамдардын алдыңкы катарында болушкан. Ошондой эле Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук уюмдун активдүү мүчөсү Мухтаров Сиражиддин Зиявудинович (каймана аты “Абусалох”) менен тыгыз байланышы болгондугу жана Сирияда согуштук аракеттерге катышып, андагы топтун биринин лидери экендиги айкын болгон.

Бул жарандардын жүргөн жерин тактап жоопкерчиликке тартуу боюнча эл аралык келишимдердин алкагында тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүп жатат.

Жогорудагы алынган далил буюмдар боюнча Ош ОИИБнын Тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, криминалисттик экспертизалар дайындалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген