

24-25 апрель күнү Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ошсууканал ишканасы жетекчисинин орун басары Талант Байкишиев билдирди.
Анын айтымында, жазгы оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгын 24 сааттка Манас-Ата, Туран жана Достук аймактык кеңештеринден башка аймактарда суу өчөт.
Аталган ишкана калаа жашоочуларына бул убакытка суунун запасын камдап алууну эскертет.
- 22.04.2019