Ошто таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу пландалууда

Кечээ, 24 -августта, Ош шаардык мэриясында “Ош шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалым болгондой, келишимге Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов менен Түркиянын “Biotrend Energy” компаниясынын президенти Илхан Доган кол коюшту. Ошондой эле түрк делегациясы менен болгон жолугушууда инвестицияларды өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушууда Алмаз Мамбетов негизги артыкчылыктуу багыт катары Ош шаарынын мэриясы тийиштүү адистерди жана инвесторлорду тартуу менен болгон көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кыларын белгиледи.

Документке кол койгондон кийин, “Biotrend Energy” бир айдын ичинде завод куруу долбоорун берүүгө жана техникалык -экономикалык негиздемени даярдоого, ошондой эле долбоорду каржылоону, анын ичинде даярдоо фазасын, долбоорлоону, курууну жана ишке киргизүү фазаларын өзүнө алууга милдеттенет.

Өз кезегинде Ош шаарынын мэриясы инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн өз компетенциясынын чегинде жардам көрсөтөт.

Белгилей кетсек, “Biotrend Energy” компаниясынын адистери Ош шаарындагы таштанды полигонунда болушкан.

Маалымат: Biotrend Energy катуу таштандыларды башкаруу боюнча комплекстүү кызматтарга, электр энергиясын өндүрүүгө, рекуперативдүү / когенерациялык жылуулукка, сертификаттоого жана Түркиянын бардык жеринде көмүр соодасына инвестиция салууда. Бул компания “Doğanlar Holding” компаниясынын туунду компаниясы. 2017 -жылы негизделген жана 13 иштеп жаткан заводу бар, анын ичинде: биогаз өндүрүү боюнча 11 завод, биомасса үчүн 1 завод, калдыктардан отун даярдоо жана жеткирүү боюнча 1 завод. 2021 -жылы 6 аймактын 11 шаарында таштандыларды энергияга айландыруучу 18 фабрика ишке берилген.

Dogan Holding компаниялар тобу 1980 -жылы Түркияда түзүлгөн. Компания туунду компаниялар аркылуу ар кандай секторлорго инвестиция салат, туунду ишканаларга жана бизнес -өнөктөштүктөргө өз ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жардам берет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.