Ошто таштандылар өрттөнүп жатат. Видео

Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү таштандылар өрттөнүп жатат. Бул тууралуу видеону жашоочулар, “Ынтымактын”  WhatsApp каналына жиберишти.

Видеодо Курманжан-Датка көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы таштандылар өрттөнүп жатканын көрүүгө болот.

“Бул бир күндө эле болгон жок. Акыркы бир жумадан бери күйүп жатат. Биз таштандыга өз убагында акча төлөйбүз. Анан эмнеге чогултуп алып кетишпейт.  Түшкө чейин түтөп бүт аймакты каптап кетет”,- деп билдирүү калтырган.

Ош шаарында, таштанды үчүн төлөм акысы ар бир адамга жер үйдөгүлөргө 30, көп кабаттуу үйдөгү жашоочуларга 50 сом.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген