Ошто таштандыга карызы барлар үчүн рейд башталды

Бүгүн, 8-май күнү Ош шаарында таштанды үчун акча төлөбөй жүргөн тургундарга рейд башталды. Бул тууралуу “Ынтымакка” “Ош-Тазалык ишканасынын жетекчиси  Нурбек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында бүгүнкү күндө шаар тургундарынын жалпы карызы 14 млн сомду түзөт.

“Бүгүндөн баштап  бир ай бою жумасына дебитордук карыздар боюнча  2-3 жолу рейд өткөрүлөт. Анын алкагында карызы бар абоненттерге  бересесин төлөө үчүн 1 ай мөөнөт берилет. Бул мөөнөттө төлөбөгөндөрдүн иши сотко өткөрүлөт,” –деди ал.

Ушул тапта, Ош шаарында 208 миң абонент бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген