Ошто Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору жылын өткөрүүгө даярдык башталды

Ош шаарынын жетекчилиги “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аталып, эстафетаны алгандан кийин, бул жылды татыктуу өткөрүү аракетин көрө баштады. 10-январда жергиликтүү бийлик интеллигенция өкүлдөрү менен биргеликте бул жылда аткарыла турган иштердин сунушталмаларын талкуулады.

Ош мэриясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, сунуштар негизинен 3 миң жылдык тарыхы бар Ош шаарынын маданий баалуулуктарын, тарыхын, улуттар аралык достукту чыңдоо болгон аракеттерин көрсөтүү, маданий иш-чараларды жана илимий конференцияларды өткөрүү демилгеленди.

Белгилей кетсек, “2019-жылы Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору”,-деп жарыяланган. Мындай чечим “Түрксой” уюмунун туруктуу кеңешинин Түркиянын Кастамону шаарында 2018-жылы 18-декабрда өткөн жыйынында кабыл алынган. Маалым болгондой, маданий уюмдун XXXVI жыйыны 10дон ашык түрк элдеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп, анын жүрүшүндө уюмдун башкы катчысы Дюсен Касеинов 2019-жылы түрк маданий борбору катары Ош шаарын сунуштап, бир добуштан колдоо тапкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген