Ошто түн ичинде кароосуз жүргөн өспүрүмдөр аныкталды

Ош шаарында май айынын аягында шаардык ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө интернет-кафелер, түнкү клубдар, тамак-аш сатуучу жайлар текшерилди. Бул тууралуу ОшИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында 34 коомдук объектилер текшерилип, анда түнкүсүн чоңдорcep коштоосуз жүргөн 45 жашы жете элек балдар аныкталды.

Бардык өспүрүмдөр КРнын ички иштер министрлигинин жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна жеткирилип, алар жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. КРнын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 61-беренесине ылайык, 25 ата-эне жоопко тартылды.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.