Ошто сууга сүзүү боюнча мелдеш өтөт

30-июль- Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата “Дельфин” бассейнинде сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Мелдешке,  Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери жана шаар тургундары катыша алат. 


Эркектер жана аялдар арасында өткөрүлүп 3 тайпага бөлүнөт.
1-тайпа- 25 жашка чейин
2-тайпа- 35 жашка чейин
3-тайпа- 40 жашка чейин.
Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор берилет.

Катышуучулардын табыштамалары  29- июлга чейин Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинде кабыл алынат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген