Ошто суу өтүүчү түтүк жарылып соода борборун каптап кетти. Видео

Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында суу өтүүчү түтүк жарылып, жакын жайгашкан “Арча” соода борборун суу каптады.

Учурда 70ге жакын соода жайларын суу каптап, андагы сатылуучу кийим кече,буюмдар жаарксыз болгон. Ал эми сатуучуулар келтирилген зыянды тиешелүү кызматтын төлөп берүүсүн талап кылышууда.

Маалыматка ылайык, окуя түнкү саат 02:00дор чамасында болгон. Анда эскилиги жетип, чирип кеткен суу түтүгу жарылган.

Кырсык туурасында маалымат Ошсууканалишканасына таңкы 07:00дө келип түшкөн. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Видео: Мусулманкул Шакиров

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген