Ошто студенттер 100 үй-бүлөгө жардам баштыкчасын таратышты

Кечээ, 20-январда, Ош шаарынын “Сулайман-Тоо” мечитинде кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлүп, анда жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө тамак-аш азыктары таратылды.

Аталган иш-чарага Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, студенттер жана шаар тургундары катышты.

Бул студент жигиттер буга чейин дагы 5-10 үй-бүлөгө ар кандай жардамдарын берип келишкен. Биз мындай жаштарды ар дайым колдойбуз”,- деди Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев. 

Бул иш-чара мындан ары чоң масштабда улантылаары маалымдалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген