Ошто студент кыз 3-кабаттан боюн таштады. Видео

11-апрель күнү Ошто 1-курстун стеденти жатакананын 3-кабаттынан боюн таштады. Учурда ал оорканада. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, окуя кечки саат 20:30 чамасында ОГПИнин жатаканасында болгон.

“Алгачкы кароо учурунда кыздын акыреги сынганы белгилүү болду. Учурда кошумча текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Өмүрүнө коркунуч жок. Тергөөнүн алгачкы жыйынтыктарына ылайык, боюн таштаган кыз жакын адамы менен телефон аркылуу урушуп кетип, ушундай кадамга барган. Иликтөө иштери жүрүүдө“, – деди ал.

Азырынча бул окуя боюнча өз өмүрүнө кол салган кыз билим алган окуу жайдын жетекчилиги кошумча маалымат бере элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген