Ошто өспүрүмдөр арасында футзал боюнча эл аралык турнир өтөт

Ош шаарында 1-жолу жаш өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык дене-тарбия жана спорт коммитетинин өкүлү Учкун Абдыжапаров кабарлады.

Анын айтымында, “Достук кубогу” аталышындагы  турнир 15 жашка чейинки балдар арасында  болуп, ага Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан 5 команда катышат. Мелдеш 5-апрелде старт алып 7-апрелде жыйынтыкталат.

“Бул иш чараны өткөрүүнүн негизги максаты- жаштардын ден-соолугун чыңдоо өз ара достук мамилелерди бекемдөө болуп саналат”,-деди ал.

Негизинен 5 команда бири-бири менен 1 айланпа өюн өткөрүп, упайлар эсебинде жеңүүчү аныкталат. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген