Ошто сот аткаруучу пара алып жаткан жеринен кармалды

Ошто райондук соттун кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгына 30 жаштагы А.Б. аттуу жарандан арыз түшкөн. Анда Ош облусунун райондук сотунун сот аткаруучусу алиментке байланыштуу маселени чечип берүүнү убадалап, 50 миң сом талап кылып жаткандыгы жана ага карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 326-беренесинин (пара талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 10-март күнү райондук соттун сот аткаруучу кызматкери талап кылган акча каражатын накталай алып жаткан жеринен кармалган.

Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда башында белгиленген 50 миң сом акча каражаты табылган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген