Ошто шайлоого даярдык боюнча координациялык кеңешме өттү

Бүгүн, 18-сентябрда Ош шаарынын мэриясында шайлоого байланыштуу координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага биринчи вице-мэр Марс Исаев, вице-мэрлер, укук коргоо органдарынын, аймактык шайлоо комиссиясынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.

Кеңешмеде шайлоого байланыштуу коомдук саясий кырдаалды көзөмөлдөө, шайлоо участкаларындагы даярдык, үгүт учурундагы мыйзам бузуулардын алдын алуу тууралуу сөз жүрдү.

Эске салсак, Ош шаарында жалпы 78 шайлоо участкасы бар. Ал эми шайлоочулардын саны 154 миңди түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.