Ошто шаардык мекемелердин кызматкерлеринин 50 пайызга чейинкиси аралыктан иштөөгө которулат

Ош шаарында шаардык жана муниципалдык мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин 50 пайызга чейинкиси аралыктан иштөө тартибине которулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, министрлер кабинетинин токтомунун негизинде жана Ош шаарынын мэриясынын токтомуна ылайык, шаардын муниципалдык ишканаларында жана мекемелеринде иштегендердин 50 пайызга чейинкиси аралыктан иштөө режимине өткөрүлөт.

Буйрукка ылайык, биринчи кезекте, жарандардын айрым категориялары алыскы жумушка которулат: 60 жаштан өткөн, өнөкөт оорулары бар кызматкерлер, кош бойлуу аялдар.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын жана ишканалардын жетекчилерине кызматкерлердин 50 пайызын аралыктан иштөөгө жөнөтүү сунушталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.