Ошто шаар күнүн белгилөөгө даярдык көрүлүүдө

5-октябрда Ош шаарынын 3017-жылдыгы белгиленет. Ага карата калаада даярдык көрүлүп, иш чаралар, жарманкелер жана маданий кечелер уюштурулууда.

Бүгүн, 4-октябрда алгачкы майрамдык кечелер башталды. Мүмкүнчүлүгү чектелүү өспүрүмдөргө жана үй-бүлөлөргө арналган “Баарына бир дүйнө” кайрымдуулук акциясы өтүп жатат. Ошондой эле Светочь мектебинде “Атам, апам жана мен – ынтымактуу үй-бүлө” аттуу спорттук мелдеш жана мектептер арасында “Баарыбыз бирге” аттуу чыгармачылык конкурс өтүүдө.

Саат 18:00дө Ош улуттук драма театрында республикалык “Ак таңдай-2017” төкмө акындар айтышы болот. Ушул сыяктуу майрамдык кечелер 5-октябрда да улантылат.

Мындан сырткары айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтөт. Борбордук аянтта тургундар жана коноктор үчүн концерт да тартууланат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген