Ошто сел жана жер көчкү коркунучу бар коопту жайга көчөт отургузулду. Фото

Ош шаарындагы сел, жер көчкү коркунучу бар коопту аймактарга 500 даана көчөт отургузулду. Бул тууралуу “Ынтымакка” ӨКМнин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Озгур айылындагы  0,7га жерге 200 бадам, 200 өрүк, 100 түп айлант отургузулду. Муну менен  Озгур айылынын жогору тарабындагы 15 турак-жай, автоунаа өтүүчү жол жана төмөндөгү “Южный” каналынын 500 метр аралыктагы жер кыртышынын бузулушунун алдын алуу пландалган.

Жашылдандыруу иштери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын токтомунун негизинде ишке ашырылды.

 

 

 

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.