Ошто сел жүрүп, чарбалык жолдор жабылды

18-май күнү саат 20:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Папан айыл аймагынын Алчалуу айылынын Жаңы-Айыл тилкесинде 6 турак үйдүн короолорун, 2 турак үйдүн жер төлөсүн, 300 метр ички чарбалык унаа жолду жана “Алчалуу” каналын 100 метр аларылыгын каптаган.

19-май күнү тартылган техниканын жардамында саат 14:25те унаа жол жана сел өтүүчү канал толук тазаланган. Ал эми турак үйлөрдүн короосуна кирген сел суулары үй ээлери тарабынан тазаланган.

19-май күнү саат 17:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Ош-Папан-Кожо-Келең унаа жолунун 12-13-чакырым аралыктарын кум шагылга толтуруп, жергиликтүү тургундардын 15 баш бодо малын сел суулары агызып кеткен. Ошондой эле Папан суу сактагычынын кампасына сел суулары кирген.

Тартылган техниканын жардамында саат 21:20да унаа жол толук тазаланган. Ал эми Папан суу сактагычынын кампасына кирген сел суулары Папан суу сактагычынын кызматкерлери тарабынан тазаланат.

Ноокат районунун Исанов айыл аймагынынын  Тескей-Кожоке айылынын Чалчык тилкесинде сел жүрүп ички чарбалык унаа жолунун 3-4 чакырым арылыгын жараксыз абалга келтирген жана Чалчык тилкесинде жашаган 3 турак үйдүн короо сарайарларын сел суулары каптаган. Ошондой эле, Зулпуев айыл аймагынын  Жатан айылында жайгашкан сел өтүүчү каналдан суу ашып 1 турак үйдүн короосун (огород) аралап өткөн.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуу үчүн атайын технткалар тартылган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген