Ошто “Сары кол чатыр” аллеясы ачылды

Ош шаарында жайгашкан Токтогул атындагы эс алуу багынын кире бериши “Сары кол чатыр аллеясы” деп аталды. Аны менен катар “Дүйнөнү кызгылт сары кылып, аял мигранттарынын  укуктарын коргоо үчүн ”- деген ураан астында он алты күндүк акция башталды.

Аллеянын ачылышында мигрант аялдарынын зордук-зомбулукка учураган сүрөттөрү коюлуп, сыртка чыгуудагы адам укуктары тууралуу беренелер жазылган. Аны менен катар: “Ички жана тышкы миграциядагы аялдарга карата зомбулукту токтоткула” -деген лозунгдар илинген. Агажергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо оргондары, шаар тургундары катышты.

Иш-чарада укук коргоо органдары, коомдогу аялдарга карата болуп жаткан зордук зомбулук тууралуу маалымат беришти. Чогулган элдерге кулчулукту, зомбулукту болтурбоого үндөштү.

Милиция кызматкерлеринин айтымында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бир эле бөлүмүнө, ушул жылы зомбулук боюнча 200 факты катталып, экөөнө гана кылмыш иши козголгон.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш сүрөтчүлөр арасында сүрөт сынак да уюштурулду. Шаардагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт мектебинин жаш сүрөткерлери, “Менин сүйүктүү апам” деген темада сүрөт тартышты.

Эскерте кетсек Кыргызстандан сыртка кетип жаткан мигранттардын 45 пайызын аялдар жана кыздар түзөт. Адистердин айтымында алардын айрымдары өз укугун билбегендиктен ар кандай зомбулукка, кулчулукка кабылып жатканы байма-бай чагылдырылып келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген