Ошто салык төлөбөгөн айдоочуларга рейд жүргүзүлүүдө

Ош шаарында унаа салыгын төлөбөгөн айдоочуларга рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык салык кызматынан билдиришти.

Маалыматтан белгилүү болгондой, салык кызматы Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте ай башынан тарта рейд жүргүзүп жатат.

“Рейддин жүрүшүндө 3 миң 645 унаа токтотулуп, 3 миң 597 миң унаанын ээси ордунда төлөгөн. 48 унаа ээлерине 1000 сомдон айып пул салынды. 3 миң 645 унаадан 700 сомдон жыйналып, жалпы 2 миллион 551 миң 500 сом акча топтолду. Рейд жумуш күндөрү унаа жолдорунда, ишемби жана жекшемби күндөрү унаа базарында уюштурулууда”, – деп айтылат маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.