Ошто өрт-куткаруу бөлүмүнүн жаңы имаратын курууга капсула салынды

Бүгүн, 20-майда, Ош шаарында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана БУУнун өнүктүрүү программасынын ортосундагы кызматташтыктын алкагында салтанаттуу өрт-куткаруу станциясынын жаңы имаратынын пайдубалына алгачкы бетон төшөө аземи болуп өттү. Бул туралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джунг Су, БУУӨПнын өкүлүнүн башкы кеңешчиси Эркин Касыбеков жана Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсупов катышты.

Жаңы имаратынын курулушу KOICA жана ПРООНдун кореялык адистер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жүргүзгөн долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Жалпысынан, долбоордун алкагында Чолпон-Ата, Ош, Бишкек шаарларында жана Жалал-Абад облусунун Сузак айылында өрт-куткаруу бөлүмдөрү үчүн төрт жаңы имараттар курулат, ошондой эле алар жаңфы заманбап өрткө каршы шаймандар менен толукталат.

Долбоордун алкагында өрт-куткаруу кызматтарынын кызматкерлеринин квалификациясын жана билимин өркүндөтүү боюнча тренингдерди өткөрүү дагы каралган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.