Ошто Орусиядан келгенин жашырып, үй-бүлөсүнө вирус жуктурган жаранга иш козголду

Ош шаарында коронавирустун белгилери байкалганда дарыгерлерге кайрылбай жүрө берип, үй-бүлөсүнө дагы вирус жугузган жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов маалымат жыйында билдирди.

Комендант ал жаранга карата кылмыш иши козголуп, Жазык кодексинин 280-беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартыларын айтты.

“Бул жаран Орусиядан келгенден кийин кароодон өтпөй, бала-бакырасынын жанында эле жүрө берген. Натыйжада үй-бүлөсүнө жана башкаларга жугузган. Учурда дагы канча адам менен контакт болгондугун тактап жатабыз. Жарандарга кайрылып кетейин, эгер кандайдыр бир шек жаралса, дарыгерге кайрылууга милдеттүсүздөр”, — деди Малик Нурдинов.

Ооруну жашырган шаар тургуну Жазык кодексинин 280-беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартылары күтүлүүдө.

Ошондой эле комендант бүгүнкү күндө коронавирус жугузганын жашырган үч адамга кылмыш иши козголгонун белгиледи.

Кыргызстанда 21-апрелге карата, коронавирус жукту делген жарандардын саны 590го жетти. Анын ичинен 216сы айыгып, жетөө каза болду.

Укук коргоочуларга кат: Башкаларды тез эле таап, кечирим суратып аттыңар эле го…Мыйзам кимдерге иштейт?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.