Ошто Рахман Разыковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Ош шаарында куудул Рахман Разыковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын жакындары, сахналаш достору, шакирттери жана жакындары катышып жатат.

Эске салсак, маркум кечээ, 7-июнга караган түнү
пневмониядан улам каза болгон.

Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында төрөлгөн. Кичинекей кезинде 3 мектеп которгон. 10-классына чейин аккордеондо ойноону үйрөнгөн. Студент кезинде бул өнөрү менен жетекчиликке чейин көтөрүлүп, “Таң жылдызы” деген топту негиздеген. Кийин “Бешилик”, “Беш кемпир” топторун түзгөн.

“Ынтымактын” жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Сүрөт: kloop.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.