Ошто психологдор акысыз иштей башташты: Байланыш номурлары

Коронавирус пандемиясынан улам, санаага батып, кыжаалат болуп, дүрбөлөңгө түшкөн адамдарга психологдор жардамга келишет. Алар кайрылган жарандарга психологиялык кеңештерди акысыз жана 3 тилде: кыргызча, орусча жана өзбек тилинде берүүнү чечишкен.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Психологдордун иш убактысы: Иш күндөрү саат 10.00-17.00гө чейин. Алар менен байланышыш үчүн What’s App, messenger тиркемелерине жазса да болот:

1). Жолдошева Акчач Олмасовна психолог-консультант 0772702642;
2). Борбиева Гулипа психолог-консультант 0773843461;
3). Онкошова Гульнара психолог-консультант 0557175780;
4). Содикова Ражопхан психолог-консультант 0550202815;
5). Домашова Надежда психолог-консультант 0555 840109;
6). Ештаева Наргиза психолог-консультант 0557777405;
7). Камилова Рахат – психолог-консультант 0555834551.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алды делген 44 учур катталган. Бирок мынчалык көбөйө электе эле өлкө 25-марттан тарта 3 шаар, 3 райондо өзгөчө абал киргизип, түнү коменданттык саатты иштетти. Мындай режим 15-апрелге чейин созулат.

Бийлик эрежелерди бузгандар катуу жазалана турганын эскерти жатат. Коменданттык сааттын биринчи түнү 320 адам калмалса, экинчи түнү мунун саны азайып, 241 жаран кармалган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Учурда коронавирус дээрлик 197 мамлкетке тарады. Google map`тин 27-марттагы маалыматы боюнча, коронавирусту жуктургандардын саны Америка Кошмо штаттарында 86 миңден өтүп, дүйнө боюнча эң алдыңкы орунга чыкты. Ал жакта каза болгондордун саны 1 300 болду.

Ошентип вирусту эң көп жуктурган өлкөлөрдүн алдыңкы бештиги: АКШ, Кытай, Италия, Испания жана Германия болууда.

Коронавирус жуккандардын саны боюнча АКШ алдыга чыкты ВИДЕО

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.